DOLON MEDIA

Шайлоо-2024: Төрт партия шайлоого катышуу үчүн арыз берди

Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында Нарын облусу боюнча 27 айылдык жана Нарын шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт. Анда 527  депутат айылдык кеңешке, 31  депутат Нарын шаардык кеңешке шайланат. Булардын ичинен 183 аялга квота берилген.

“Бүгүн, 3-октябрга карата шайлоого катышарын билдирген төрт партия  кайрылды. Шаардык кеңешке бара тургандар 7-октябрь кечки саат 18.00го чейин  документтерин толук берип бүтүшү керек. Ал эми айылдык кеңештерге келе турган талапкерлер  17-октябрга чейин тапшырып бүтүш зарыл. Талапкерлер толук катталып бүткөндө  Нарын шаардык кеңешине үгүт иштери 17-октябрда, айылдык кеңештерге   27-октябрда башталат”,-деди Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Нарын шаарындагы аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Бакыт Өмүралиев.

Нарын облусу боюнча 169 шайлоо участогу, 121 округ түзүлдү. Аларга облустагы жалпы 221 миң 671 шайлоочунун алдын ала тизмелери 28-сентябрдан баштап ар бир шайлоо тилкелерине илинди. Учурда дагы тактоо иштери жүрүп жатат, толук такталган акыркы тизме шайлоого үч күн калганда илинет.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.