DOLON MEDIA

Шайлоо-2024: Талапкерлерди каттоо мөөнөтүнүн бүтөөрүнө 6 күн калды

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү үчүн Ак-Талаа районунда 21 шайлоо тилкеси дайындалды. Аларда  шайлоочулардын тизмеси илинди жана шайлоочулар өздөрүнүн аты-жөнүн, дарегин 1-ноябрга чейин такташы зарыл.

Ак-Талаа райондук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Белек Байышбековдун айтканына караганда бул шайлоодо талапкерлердин катышуусу солгун. 10-октябрга карата 26 гана талапкер шайлоого катышуу боюнча билдирүү беришти. Ал эми мандаттын саны 74.

Алсак, Ала-Буга айылдык кеңешине 5, Кара-Бүргөн айылдык кенешине 3, Баетов айылдык кеңешине 9, Тоголок Молдо айылдык кеңешине 9 талапкер документ тапшырды. Талапкерлерден документтерди кабыл алуу мөөнөтү бүтөрүнө 6 күн калды.

Ак-Талаа районунда шайлоочулардын саны 25 миң  824.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.