DOLON MEDIA

Шайлоо-2024: Шайлоого даярдык кандай?

17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого Нарын облусу даяр.

БШКнын Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын району жана Нарын шаары боюнча өкүлү Бакыт Өмүралиев облустагы 169 шайлоо тилкелеринде шарттар түзүлүп, электр жарыгы, жылуулук жана генераторлор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан камсыздалып жатканын билдирди.

Нарын облусу боюнча 221 миң 100 шайлоочу бар. Алардын ичинен 664 шайлоочу жеңил жашик менен добуш берүүгө, 111 шайлоочу  аралыктан добуш берүүгө катышуу үчүн арыз беришкен.

Шайлоо күнү коомдун коопсуздугун сактоого ички иштер оргадарынан 200дөй кызматкер күзөттө болушат.

Нарын шаардык кеңешине 31 орун үчүн 6 саясий партиядан 169, 27 айылдык кеңештеги 527 орунга 932 талапкер ат салышууда.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.