17-ноябрда Нарын облусунда 169 шайлоо тилкесинде шайлоо өттү. Алдын ала маалыматтар боюнча кечки саат 20.00го облустагы 221 миң 100 шайлоочунун 68 миң 102си шайлоого катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 30.8 пайызын түздү. Учурда дагы эсептөөлөр жүрүүдө.
Ал эми аралыктан добуш берүүгө арыз берген 111 шайлоочунун 50сү добуш берүүгө катышып, 45,5 пайызды түзгөн.
Маалымат үчүн белгилесек, Нарын шаардык кеңешине 31 орун үчүн 6 саясий партиядан 169, 27 айылдык кеңештеги 527 орунга 932 талапкер ат салышты.