17-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү. Учурда алдын ала жыйынтыктар чыгууда. Нарын шаардык кеңешине алты саясий партия ат салышкан. БШКнын расмий сайтынан алынган маалыматка таянсак жыйынтык төмөндөгүдөй болду.
“Эл үмүтү” саясий партиясы жалпы шайлоочулардын 1 миң 124 добушун алып, 11.35 пайызды;
“Ишеним” саясий партиясы 1 миң 170 добуш алып, 11.81 пайызды;
“Адилет” саясий партиясы 3 миң 108 добуш алып, 31.38 пайызды;
“Социал демократтар” саясий партиясы 386 добуш алып, 3.90 пайызды;
“Ынтымак” саясий партиясы 1 миң 776 добуш алып, 17.93 пайызды;
“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы 2 миң 238 добуш алып, 22.60 пайызды түздү.
Шайлоочулардын ичинен 102 добуш же 1.03 пайызы баарына каршы добуш беришкен.