Нарын облусунда көчмө урналар менен алдын ала шайлоого катышуу үчүн 664 адам арыз менен кайрылган.
16-ноябрь күнү бул шайлоочулардын 80 пайызы же 529у көчмө урналар аркылуу добуш берди.
Бүгүн, 17-ноябрда облус боюнча 169 шайлоо участкасында шайлоо жүрүүдө. Саат 16.00 47 миң 218 шайлоочу добуш беришти. Бул жалпы 221 миң 100 шайлоочунун 21 пайызын түзөт.