Нарын шаарында аралыктан добуш берүү үчүн №4901 аралыктан добуш берүү шайлоо участкасы уюшулган. Аталган участоктун төрайымы Анара Жамгырчиеванын айтуусунда саат 14.00гө карата 39 шайлоочу келип добуш берди. Бул көрсөткүч 30 пайызды түзүп, активдүүлүк байкалууда.
Негизинен аралыктан добуш берүүгө жалпы 111 шайлоочудан арыз келген.