Саякатчы Александра Толстая 1999-жылы Улуу Жибек жолу боюнча 8 миң чакырым жолду ат менен басып өткөн алгачкы саякатчы. Ошондой эле ал 20 жылдан бери Кыргызстандын бардык аймактарында жыл бою ат турларды уюштуруп келет.
Толстая “Financial Times” британ гезитине макала жазып ат менен өткөн бардык аймактардын ичинен Ат-Башы району аны өзгөчө таасирленткенин белгилеп, ээн жаткан кең өрөөндөр, жалгыз жүргөн топоздор жана боз үйлөрдүн көркүнө суктанганын жазган.
Ал быйыл биринчи жолу 27-апрелде Бишкектен Ат-Башынын алыскы аймагына сегиз күндүк ат тур уюштурат. Бирок, саякаттоону каалагандар ат минип жүрүүгө, 3200 метр бийиктиктеги Таш-Рабат ашуусун ашууга жана кар каптаган чатырларда түнөөгө даяр болушу керек.
Турдун программасында Көл-Суу көлүнүн жээгинде түнөө да каралган.