DOLON MEDIA

Садыр Жапаров жабыр тарттым деген ишкерлердин иши кайра каралаарын билдирди

Жогорку Кеӊештин депутаты Элвира Сурабалдиева 11-мартта парламенттин президент Садыр Жапаров катышкан жыйынында мурда-кийин ар кандай кылмыш иштери менен кармалган ишкерлер боюнча маселе көтөрдү. Ал бирок бизнесмендер укук коргоо органдарына арыз жазуудан чочулап жатышканын билдирди.

“УКМК мамлекетке өткөн мүлктөрдүн тизмесин жарыялашы керек. Ишкерлерден канча мүлк алынды, алардын канчасы өз эрки менен өттү жана канчасы мажбурлоо жолу менен. Андан тышкары ошолордун ичинен чын эле мамлекетке канчасы алынды? УКМКнын кызматкерлери мүлктөрдү өздөрүнө, туугандарына каттатып алганы ачык айтылып жатат”, – деди ал.

Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилерине ишкерлерден арыз түшсө калыс текшерип, адилет чечим кабыл алуу тапшырмасы берилгенин айтты.

“Жарымын өзүнө алып, жарымын мамлекетке өткөргөн” деген сөздөрдү да иликтеп көргүлө дедим. Ким жарымын чөнтөгүнө алып алган болсо кайра мамлекетке өткөргүлө дедим. Акчасын, мүлкүн, бизнесин тарттырып жибергендер болсо кайра кайтарып бергиле дедим. Азыр ошонун үстүндө иш жүрүп жатат. Ал эми мамлекетке өткөн мүлктөр жылдын аягына чейин ревизия болуп бүтөт. Ошондон кийин чыгарабыз”, – деди президент.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.