Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында анын өнүгүү пландары менен таанышты.
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров негизги тармактарда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Ал сугат инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди. Жумгал районунда “Түгөл-Сай” жана Кочкор районунда “Шамшы” суу сактагычтары, ошондой эле Нарын районунда “Куланак” каналы курулууда. Бул долбоорлорду ишке ашыруу сугат жерлеринин аянтын кеңейтүүгө жана айыл чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Буга катарлаш калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор да ишке ашырылууда. Ар кандай программалардын алкагында ондогон калктуу пункттар камтылып, анын аркасында аймакта таза суу менен камсыз болуу деңгээли 85 пайыздан ашты.
Курулуш тармагында социалдык объектилерди, анын ичинде мектептерди, спорт залдарды жана административдик имараттарды куруу жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Объекттердин бир бөлүгү ишке берилди, калганы жакынкы аралыкта бүткөрүлөт. Өткөн жылы 15 объект ишке киргизилген. Алар алты мектеп, спорт зал жана сегиз ишкана. Учурда 46 объекттин курулушу жүрүп жатат.
Мындан тышкары, энергетика тармагында, анын ичинде гидроэлектростанцияларды, ошондой эле региондун энергетикалык потенциалын өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча жаңы инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда.
Президент Садыр Жапаров сунушталган долбоорлорду жалпысынан колдоп, Нарын облусунун өнүгүшү системалуу жана алдыга умтулган мүнөздө болушу керектигин, жакынкы келечекте калк үчүн конкреттүү жана сезилерлик натыйжалар болушу керектигин баса белгиледи.
Мамлекет башчысы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун жана агрардык сектордун туруктуу өсүшүнүн негизги фактору катары ирригациялык жана сугат инфраструктурасын өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл бурууну, ошондой эле мурда башталган объектилерди сөзсүз түрдө аяктоону тапшырды.
Жол инфраструктурасы боюнча өткөн жылдагыдан кем эмес көлөмдө автомобиль жолдорун курууну жана реконструкциялоону белгиленген мөөнөттөрдү жана сапат стандарттарын сактоо менен камсыз кылуу милдети коюлду.
Курулуш тармагында Президент ишке ашыруу мөөнөтү узакка созулган бардык объектилер, анын ичинде он жылдан ашык убакыттан бери ишке ашырылып жаткан объектилер боюнча маалыматты укту. Мамлекет башчысы белгиленген мөөнөттөрдү катуу сактоо зарылдыгын баса белгилеп, бардык ушундай объектилерди эки жылдын ичинде жетекчилердин жеке жоопкерчилиги менен аяктоо милдетин койду.
Эске сала кетсек учурда Нарын облусунда 143 объектинин активдүү курулушу уланууда, алардын жалпы баасы 11,2 миллиард сомду түзөт. 143 объекттин 110у капиталдык курулуш стадиясында, ал эми калган 33ү капиталдык ремонт жана реконструкция этапында. Өткөн жылы, 2025-жылы, 19 социалдык объект пайдаланууга берилди, алардын арасында 8 мектеп, 4 бала бакча, 2 спорт залы жана 1 оорукананын курулушу болду. Мындан тышкары, үч мектептин капиталдык ремонту жана бир спорт комплексинин курулушу аяктады. Учурда 27 мектепте жана бир бала бакчада капиталдык ремонт уланууда.
«100 өнөр жай ишканасы» долбоорунун алкагында Нарын облусуна 743 миллион 336 миң сом тартылган, бул 12 жаңы өндүрүш ишканасын ачууга мүмкүндүк берди. Өндүрүш, кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү тармагында 134 кичи жана орто бизнес иштеп жатат, бул 1208 жумуш ордун түздү.
Региондо ошондой эле Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун, «Куланак» ГЭСинин, ошондой эле 1 МВт кубаттуулуктагы эки кичи ГЭСтин курулушу сыяктуу маанилүү стратегиялык долбоорлор ишке ашырылууда — бири Ат-Башы районунун Кичи-Ача Ак-Муз айылдык округунда, экинчиси Ак-Тал районунун Тоголок-Молдо айылдык аймагында.



