DOLON MEDIA

Садыр Жапаров 7 акимди кызматтан бошотту

Президент Садыр Жапаров 7 райондун акимдерин кызматтан бошотту.

Президенттин чечимине ылайык, төмөнкүлөр ээлеген кызматтарынан бошотулду:

– Ош облусунун Ноокат районунун акими Субагожоев Жакыпбек Мойдунович;

– Баткен облусунун Баткен районунун акими Жоробаев Учкунбек Имамалиевич:

– Базар-Коргон районунун акими Карагулов Мирлан Кынатбекович;

– Ак-Суу районунун акими Насиров Мунарбек Жумабаевич;

– Араван акими Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович;

– Талас облусунун Манас районунун акими Жээнбеков Досмамбет Аматович;

– Талас районунун акими Нармырзаев Нургазы Жакыпович.

Эске салсак, бүгүн 21-февралда “Ынтымак-Ордодо” өткөн президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунун жыйынтыгында бир катар катаал чечимдер кабыл алынып, аталган райондордун жетекчилерин кызматтан алуу сунушу президенттин кароосуна киргизилген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.