Бүгүн, 9-августта Нарын шаарындагы С.Орозбаков атындагы жолуна асфальт төшөлө баштады. Жол чарба департаментинин Нарын облустук бөлүмүнөн билдиришкендей, жалпы 1 чакырым 280 метр жол жасалат. Асфальттоо жумуштарын эки-үч күндүн ичинде бүтүрүү мерчемделүүдө.
Ал эми Ленин атындагы борбордук жолду кеңейтүү жумуштары 12-августта башталат. Бул жолдун 9.5 чакырым аралыгы 15 метрге чейин кеңейтилип, жол боюндагы троллейбустун линиялары жылдырылат жана айрым курулуштар алынып, бактар кыйылат. Мындан тышкары, 2.5 чакырымды түзгөн Ж.Шералиев (Совет) көчөсүн жасоо үчүн долбоорлоо жумуштары жүрүп жатат.