DOLON MEDIA

Россияда мыйзамыз жүргөн мигранттарга балдарын мектепке киргизүүгө тыюу салынат

Россияда мыйзамсыз мигранттардын реестри түзүлөт, аларга балдарын мектепке жана бала бакчага киргизүүгө, ошондой эле банк кызматтарын колдонууга жана коомдук транспорт менен жүрүүгө тыюу салынат. Ички иштер министринин орун басары Александр Горовой реестрге жогорудагы бардык чектөөлөр киргизилерин билдирди. 2024-жылдын 1-декабрынан тарта Москванын аэропортторунда чет элдиктердин сүрөтүн жана манжа изин идентификациялоо боюнча эксперимент башталат. Бул долбоор башка чек ара өткөрмө бекеттерине да жайылтылат. Учурда Орусияда 6 миллиондон ашык чет өлкөлүк бар, алардын ичинен 739 миңге жакынын же 9% мыйзамсыз мигранттар түзөт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.