Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында президенттин медиа жана журналистика жаатындагы “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, жеңүүчүлөрдүн сыйлыгын тапшырды.
“Бир эл – бир түндүк” номинациясы боюнча сыйлыктын ээси УТРКнын кабарчысы Айсулуу Асанбекова;
“Керемет Кыргызстан” номинациясы боюнча сыйлыктын ээси ЭлТР телеканалынын кызматкери Аскар Маратов;
“Салык – өнүгүүгө салым” номинациясы боюнча сыйлыктын ээси “Акчабар” медиа порталынын башкы редактору Мария Индина;
“Таза Мекен” номинациясы боюнча сыйлыктын ээси эркин журналист Улан Эшматов;
“Билим – келечек” номинациясы боюнча сыйлыктын ээси “Кут билим” гезитинин жалпы редакциясы;
“Куттуу элет” номинациясы боюнча сыйлыктын ээси УТРКнын Ысык-Көл телеканалынын кабарчысы Гүлбарчын Молдоева;
“Мекен жана мен” номинациясы боюнча сыйлыктын ээси “МИР” телерадио компаниясынын кабарчысы Аида Аманбекова.;
“Мекендештер” номинациясы боюнча сыйлыктын ээси ютуб-блогер Дооронбек Атадаханов;
“Кыргызстанда чыгарылган” (Made in KG) номинациясы боюнча сыйлыктын ээси ЭлТР телекомпаниясынын кабарчысы Рахат Кыдыртоктоева.
“Сергек жашоо” номинациясы боюнча сыйлыктын ээси “Спутник Кыргызстан” маалымат агенттигинин жетекчиси Елена Череменина.
Сыйлыктын байге фонду 10 млн сомдон ашат. Он номинациянын ар бирине 1 млн сомдон сыйлык тапшырылары жарыяланган.