DOLON MEDIA

Президент дин боюнча мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында 2024-жылдын 26-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын 1-беренесине ылайык аталган мыйзам КР Конституциясына жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык дин тутуу эркиндигин жүзөгө ашыруу үчүн кепилдиктерди камсыз кылууга багытталган, диний иш субъекттеринин статусун, укуктарын жана милдеттерин аныктайт, алардын ишине байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.

2025-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кире турган мыйзамда төмөнкүлөр каралган:

– Мыйзамдын түшүнүк аппаратын кеңейтүү (мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер жана түшүнүктөр);

– мамлекет менен дин уюмдарынын өз ара аракеттенүүсүн так регламентациялоо;

– диний уюмдардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу тууралуу жоболорду, анын ичинде диний уюмдарды түзүү, алардын ишин аткаруу жана токтотуу тууралуу жоболорду жакшыртуу;

– тыюу салынган иш-аракеттердин толук тизмесин белгилөө;

– диний билим алуу тууралуу жоболорду так регламенттештирүү;

– дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктук статусун белгилөө;

– диний ишти жүзөгө ашыруучу субъекттердин түрлөрүн классификациялоо жана алардын эсептик каттоо тартибин аныктоо;

– диний иш субъекттеринин мүлктүк абалы, укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги тууралуу жоболорду аныктоо.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.