DOLON MEDIA

Өзгөчө кырдаалдан канча зыян келтирилди

Нарын облусунда өткөн жылы эки өзгөчө кырдаал катталып, андан 3 миллион 903 миң  990 сомдук чыгым келтирилген.

Алсак, Ат-Башы районунда катталган  катуу шамалдан 194 турак-жай, 11 социалдык объект жабыркаган. Ал эми Нарын районунун Куланак айылынжа жүргөн сел 1 турак үйдүн ичине кирип, 41 турак үйдүн короосун, унаа жолдорду каптап, каналдар толуп, ички көпүрөнү жараксыз абалга алып келген.

Мындан тышкары 44 миллион 975 миң 557 сомдук зыян алып келген 114 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун 18 учуру балдардын от менен ойноосунан, 8 учуру  тамеки тартуудагы этиятсыздыктан,  49 учуру электр жабдууларынан,  18 учуру  от жагуучу мештердин, түтүн чыгуучу морлордун туура эмес салынышынан жана 21 учуру  ачык отту туура эмес пайдалануудан  келип чыккан.

Бир жыл ичинде Нарын облусуна өзгөчө кырдаалдан жана өрттөн 48 миллион 879 миң 547 сомдук зыян келтирилсе, катталган тилсиз жоону өчүрүүгө барган өрт өчүрүүчүлөрдүн күчү менен 76 миллион 959 миң 890 сомдук материалдык байлыктар жана 9 автоунаа сакталып калынган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.