DOLON MEDIA

Өрттөн эки бейтап көз жумду, 260 адам эвакуацияланды

Бишкекеги  Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунан чыккан өрттөн жанданыруу бөлүмүндөгү эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди.

Анын айтымында, өрт жер төлөдөн башталып, имаратты түтүн каптаган.

“Жандандыруу бөлүмүндөгү бейтаптар операциядан соң өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Өрттөн улам бейтаптар коңшу жайгашкан Кардиология борборунун реанимация бөлүмүнө эвакуацияланган. Бирок, реанимациялык иш-чараларга карабастан эки бейтап көз жумду. Учурда Кардиология борборунун реанимация бөлүмүндө 7 бейтап жатат, алардын экөө чоң киши болсо, жетиси балдар. Учурда бардык тиешелүү чаралар көрүлүп жатат”, – деди министр.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоо саат 22:33тө чектөөгө алынып, саат 23:15те толук өчүрүлдү. Кырсыктан 260 адам коопсуз жайга эвакуацияланды. Алардын 216сы бейтаптар болсо, ал эми 44ү дарыгерлер.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.