Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстанда эт, сүт, жумуртка жана жүн өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү. Мындай көрсөткүч малдын көбөйүшү менен байланыштуу.
Алсак, 2024-жылдын декабрь айына карата республикада бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 459,6 миң тонна эт өндүрүлдү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 11 миң 582 тоннага, же 2,6 пайызга эт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтөт.
2024-жылдын январь-декабрь айларында республикада 1 823,7 миң тонна сүт өндүрүлгөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата 46 182 тоннага, же 2,6 пайызга сүт көп. Ал эми жыл ичинде 790 млн 282 миң даана жумуртка өндүрүлүп, бул мурунку жылга менен салыштырмалуу 104 млн 543 миң даанага, же 115,2 пайызга көбүрөөк.
Ошондой эле өлкө боюнча 13 157,4 тонна жүн өндүрүлүп, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 243 тоннага көп, же былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 101,9 пайызды түзгөн.
Маалымат үчүн белгилесек, 2023- жылдын 1-январына карата Нарын облус боюнча жалпы малдын саны бир жарым миллионго чамалайт. Алсак, облуста 210 миң 674 ири мүйүздүү мал, 1 миллион 127 миң 940 кой-эчки, 144 миң 597 жылкы жана 213 миң 395 үй-канаттуулары бар.