DOLON MEDIA

Өлкө башчы Кытайдын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-январда, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпинди ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы аны дипломатиялык миссиянын башталышы менен куттуктап, Кыргызстан Кытай менен түзүлгөн баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалай турганын белгиледи.

Президент КР жана КЭРдин ортосундагы байланыштар саясат, экономика жана соодадан тартып илим, маданият жана билим берүүгө чейинки чөйрөлөрдү камтый турганын баса белгилеп, инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн Кытай Эл Республикасына ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде элчи Лю Цзянпин эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдө жемиштүү ишке даяр экендигин билдирип, “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушун негизги долбоорлордун бири деп атады.

Аягында элчи эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары бекемдөө стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жана эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.