DOLON MEDIA

Окуучуларга жолдо жүрүү эрежелери үйрөтүлүүдө

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо (ЖККК) бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мектептерде окуучулар менен жолугушуулар уюштурулуп, жолдо жүрүү эрежелери үйрөтүлүүдө.
ЖККК бөлүмүнөн билдиришкендей, алар Ак -Таала, Ат -Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунун жана Нарын шаарындагы орто мектептерде болушуп окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелери үйрөтүлүп, дарстар окулуп, аңгемелешүү өткөрүшкөн. Негизги максат- өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо. Жолугушуулар 1-класстан 7-класска чейинки окуучулар арасында өткөрүлгөн.
Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.