25-марттан 31-мартка чейин туруксуз аба ырайы жана жаан-чачын күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Буга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү күтүлөт.
Атап айтканда Нарын облусунун
Бишкек — Торугарт жолунун 56—134-чакырымдарында;
Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 289—468-чакырымдарында;
Арал — Миң-Куш жолунун 1–7, 17—36-чакырымдарында;
Нарын — Баетов жолунун 97–98, 100—105-чакырымдарында;
Ак-Тал — Казарман жолунун 2, 5, 67—94-чакырымдарында;
Кочкор — Арал — Төө-Ашуу 107, 146—156-чакырымдарында;
ӨКМ жарандарды тоо койнунда эс алууга чыкпай турууга жана алыскы жолго сапар алууда коопсуздук чараларын так сактоого чакырат.



