21-март Нооруз Нарын облусунда быйыл өзгөчө белгиленди. Себеби президент Садыр Жапаров Нооруз майрамын Нарындан тосту. Майрамдык шаң көп сынактар менен коштолду. Мисалы “Мыкты боз үй” сынагына облустун 5 районун , бир шаарынан боз үйлөр сынакка коюлду. Биринчи орунду Ат-Башы районунун уздары жасаган боз үй татаыктуу болуп, 120 миң сом байге утту. Экинчи орунга Ак-Талаа районунун кол өнорчүлөрүнүн боз үйу татыктуу болуп 90 миң сом байге алса, үчүнчү орунга Нарын шаарынын бозүйү татыктуу болуп 70 миң сом байге алды. Ал эми Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунан сынакка катышкан боз үйлөргө 20 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

