С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университеттинде корей тили борбору ачылды.
Борбор KOICA уюмунун “Корей тили борборун куруу” долбоору аркылуу ачылып, корей тилин үйрөнүүнү калагандар үчүн жакшы шарт түзүлүп, чыгыш элинин маданияты, тилине таандык буюмдар, улуттук аспаптар жана китептер менен камсыздалган. Борбор үчүн окуу жайдан эки бөлмө берилип, ичи талаптагыдай ремонттон өткөрүлгөн. Бул үчүн аталган уюм 20 миң доллар бөлгөн.
Учурда борбордо эки тайпа окуп жатат, аларга Түштүк Кореядан келген ыктыярчы сабак өтүүдө.
“Нарында корей тил борборунун ачылып жатканы биз үчүн кубанычтуу окуя. Акыркы мезгилде жаштар корей тилин үйрөнүүгө жана маданиятына абдан кызыгып жатышат. Борбордун ачылышы аларга дагы мыкты мүмкүнчүлүк болду. Бул жерден каалоочулар акысыз тил үйрөнө алышат. Мындан тышкары Кореядан окуп, иштегенге дагы шарттар бар”,-деди KOICAнын Кыргызстандагы жетекчиси Лим Со Ён.
Маалымат үчүн белгилесек, буга чейин корей тили курсу НМУда 1998-жылы ачылып, бирок жумуш орду жок болгондуктан жабылып калган.