НАТО өлкөлөрү Орусия, Кытай жана Түндүк Кореянын коркутууларынан улам өзөктүк куралды күжүрмөн даярдыкка келтирүү боюнча кеңешмелерди өткөрө баштады. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг The Telegraph гезитине берген маегинде билдирди. Столтенбергдин айтымында, учурда НАТОго мүчө өлкөлөр өзөктүк дүрмөттөрдү көбүрөөк жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ракеталарды кампалардан чыгаруу жана аларды күтүү режимине өткөрүү маселеси талкууланууда. «Албетте, НАТОнун максаты – өзөктүк куралы жок дүйнөнү куруу, бирок өзөктүк курал турганда биз өзөктүк альянс катары кала беребиз, анткени Орусия, Кытай жана Түндүк Кореянын өзөктүк куралы болуп, ал эми НАТОнуку жок болсо, бул коркунучтуу дүйнө», – деп баса белгиледи ал. НАТОнун баш катчысы ошондой эле Кытай өзгөчө заманбап курал-жарактарга, анын ичинде өзөктүк арсеналына чоң инвестиция салып жатканын, ал 2030-жылга чейин миң дүрмөткө чейин жетерин айтты.
«Бул жакынкы келечекте НАТО эки потенциалдуу өзөктүк душманга – Кытай менен Орусияга туш болушу мүмкүн дегенди билдирет. Албетте мунун кесепеттери болот», – деди Столтенберг.
17-июнда Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольм эл аралык институтунун (SIPRI) дүйнөдөгү өзөктүк курал боюнча баяндамасы жарыяланды. Ага ылайык, өткөн жылы бардык тогуз өзөктүк держава (АКШ, Орусия, Кытай, Франция, Улуу Британия, Индия, Пакистан, Израил жана Түндүк Корея) өз арсеналдарын кеңейтип, ыкчам түрдө жайгаштырылган өзөктүк куралынын саны көбөйгөн.
Баяндамада 2024-жылдын башында тогуз мамлекет жалпысынан 12 121 ядролук дүрмөткө ээ болгону айтылат. Алардын тогуз жарым миңден ашыгы потенциалдуу түрдө пайдаланууга жарактуу болгон. Орнотулган 2100гө жакын дүрмөт баллистикалык ракеталар боюнча жогорку даярдыкта болгон. Алардын дээрлик бардыгы Орусия менен АКШга тиешелүү. Кытай өткөн жылы биринчи жолу күжүрмөн даярдыктагы бир нече өзөктүк дүрмөткө ээ болгон деп айтылат баяндамада. Эксперттердин айтымында, кансыз согуштан бери өзөктүк курал азыркыдай көрүнүктүү роль ойногон эмес.