DOLON MEDIA

Нарынга канча кар жаады, жолдордо абал кандай?

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон, Кызыл-Бел, Чар, Түз-Бел, Ак-Бейит ашууларында жана унаа жолдордо абал туруктуу.

Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Кубанычбек уулу Нурбектин айткандарына таянсак, Долон ашуусуна 3-4 см,  Оттук капчыгайына 4-5, Кызыл-Бел ашуусуна 1-2 см, Чар участкасына 3-4 см, Нарын-Орук-Там унаа жолуна 2-3 см  кар жааган.  Ал эми Торугарт, Түз-Бел, Ак-Бейит ашууларында кар жааган жок, жол ачык.

Унаа жолдордун тайгак участкаларына кум-шагыл аралашмасы чачылды. Ар бир Жол тейлөө ишканаларында кезмет уюштурулган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.