Нарын облусунун ички дүң продукциясы 2025-жылы эки эседен ашык өстү. Бул тууралуу Нарын жергесинде өтүп жаткан Нооруз майрамында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди.
“Акыркы 5 жыл ичинде өлкөдө туруктуулук орноп, анын ичинде Нарын облусу да куру эмес экендигине эки ооз сөз менен токтоло кетейин. Облустун ички дүң продукциясы 2020-жылы 18 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 40 млрд сомго жетип, өсүү темпи 224%ды туздү. Өзүңүздөр байкагандай, бул эки эседен ашык өсүш дегенди билдирет”,-деди мамлекет башчысы.



