DOLON MEDIA

Нарындан өндүрүлгөн азыктар экспорттко тоскоолдуксуз чыгат

Нарын облусунун аймагында өндүрүлгөн айыл-чарба азыктары эми ЕАЭБ алкагындагы өлкөлөргө экспортко тоскоолдуксуз чыгат.

Нарын зоналдык ветеринардык лабораториясынын серология бөлүмү республикадагы башка лабораториялардан биринчилерден болуп эл аралык аккредитациялык сертификатка ээ болду.

Аталган лабораториянын жетекчиси Ишенбек Алмамбетовдун айтуусунда, ISO/IEC  эл аралык сертификат аркылуу эми облустун экспорттук мүмкүнчүлүгү жогорулап, текшерүүдөн ийгиликтүү өткөн продукциялар ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспортко тоскоолдуксуз чыгат.

Анын айтуусунда буга чейин лабораториянын  талапка ылайык иштөөсү  үчүн керектүү жабдыктар алынып, шарттар жакшырган.

“Айыл чарба министрлигинин алдындагы Агробизнестеги атаандаштыкты колдоо борбору тарабынан  2024-жылы ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келе турган 3 миллион 354 миң сомдук жаңы жабдуулар алынып, шарттарыбыз жакшырган. Лабораторияда бардык мал жандыктардын, жаныбарлардын жугуштуу ылаңдардын козгогучтарын, паразиттер аныкталат.  Ошондой эле эт, сүт, жумуртка, балык, бал сыяктуу бир катар айыл чарба азыктарындын жарактуулугуна изилдөө жүргүзүлөт”,-деди ал.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.