DOLON MEDIA

Нарындагы кооптуу аймактар көзөмөлдө

Нарын облусу боюнча табигый кооптуу кырсыктар катталып турган 597 участок бар. Булардын  ичинен сел жана кыян суулары каптап кетүү кооптуулугу жогору аймактардын саны 370.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусундагы башкармалыгынан алынган маалыматка таянсак, бул жерлерде жыл сайын  атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, арык, каналдарды тазалоо, сел өтмөктөрүн куруу, жеринде  коопсуздандыруу боюнча  иштер аткарылып турат.  Бирок ага карабастан жаан-чачындуу аба ырайына  байланыштуу кээ бир участоктордо сел жана кыян суулар каптап кеткен учурлар  катталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Нарын облустук башкармалыгынын Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин башкы адиси Улан Эркинбековдун айтуусунда, ушул жылдын алты айында облус боюнча  сел суулар каптаган 4 учур катталган. Мындан олуттуу чыгымдар болгон эмес.

“Учурда Нарын дарыясынын деңгээли жылдагыга салыштырмалуу  орто абалда. Дарыя жээгинде 10 участокто  жээк эрозиясы катталган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жээк эрозиясынан жабыр тартып  кайрылган жарандар болгон эмес. Нарын дарыясынын жээгиндеги турак-жайлар  жайгашкан аймактарда дарыянын туурасы  жайык болгондуктан суу каптап кетүү кооптуулугу  өтө жогору эмес. Бирок ага карабай, айрым жерлеринде  жээк бекемдөө жумуштары жүргүзүлгөн”,-деди.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.