DOLON MEDIA

Нарында жаңы аллея салынууда. Ага кандай ат берилет?

Нарын шаарынын Жаңы -Жол аймагында, Нарын дарыясынын жээгине сейил бак салынып жатат.

Шаар мэри калаанын кире беришин көрктөндүрүү жана кароосуз турган жер аянттарын жалпы пайдалануудагы сейил багы катары уюштуруп, өнүктүрүүнү демилгелеп, учурда сквердин айланасы тосулуп, жарыктандырылды. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 315 миң сом каражат жумшалды.

Жалпы аянты  2 миң 100 чарчы метрди түзгөн бул скверди “Журналисттер” аллеясы деп атап, жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери менен биргеликте өнүктүрүү максат кылынууда.

Свкерди көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана эс алуучулар үчүн тийиштүү шарттарды түзүү 2025-жылга пландалды жана ушул аймактагы көпүрөөнүн айланасын жакшыртуу, тротуар салуу өңдүү бир катар инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу да  пландалып жатат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.