DOLON MEDIA

Нарында төрт сел тосуучу дамба курулууда

Нарын шаарынын РСТ аймагындагы Мазар булак жана Чыгыш булак коктуларында  4  сел тосуучу жай куруулууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, долбоор Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасы тарабынан ишке ашып, 19 миллион сом каржыланууда. Курулуш сел коркунучун алдын алуу максатын көздөп, анан  бүтүшү менен сел агымынын басымы  азаят.

Нарын шаарында сел түшүү коркунучу бар 82 кокту, 17  жээк эрозиясы,  таш кулоо  кооптуулугу жогору 12  жер  бар.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.