DOLON MEDIA

Нарында Нооруз кандай белгиленет?

Нарын шаарында быйыл Нооруз майрамы өлкө жетекчилигинин катышуусунда республикалык денгээлде өзгөчө белгиленет. Учурда ага карата кызуу даярдык көрүлүп, мамлекет тарабынан ар тараптуу  колдоолор көрсөтүлүүдө.

Алсак, калаабыздын борбордук бөлүгүндөгү имараттарда ондоп-түзөөлөр, парктарда, көчөлөрдө жарыктандыруу иштери жасалды. Атайын техникалар алынып келинди.

Маданий иш-чаралар Маданият, маалымат  жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, Нооруздун театралдаштырылган оюн-зоок программасына 500дөй  маданият кызматкери даярданышууда.

Ошондой эле калаанын борбордук аянтына жети боз үй тигилип, боз үйлөр, улуттук тамак-аштар, көл өнөрчүлөрдүн сынактары өтөт. Бул үчүн  мамлекет тарабынан 700 миң сомдук акчалай байгелер коюлууда. Мындан тышкары сүмөлөк даярдоо боюнча сынакка демөөрчүлөр тарабынан байгелер ыйгарылат. Салтанатка келген конокторго кыргыздын каада-салттары көрсөтүлүп,  эл арасында улуттук спорттук оюндар  өткөрүлөт. Кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчыларынын күндүзгү концерттик программасы тартууланып, кечкисин гала- концерт жана фейерверк менен жыйыныкталат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.