DOLON MEDIA

Нарында муниципалдык айып короо ишке берилет

Нарын шаарында жакында муниципалдык айып короо пайдаланууга берилет. Бул үчүн калаанын  борбордук бөлүгүндө орун алган Ден соолукту чыңдоо борборунун жанынан (ФОК)  6 сотых жер тилкеси берилген.

Маалыматка ылайык, бул жер аянты буга чейин пайдаланылбай турган. Жергиликтүү бюджетен  398 миң сом  бөлүнүп, учурда Нарын шаардык муниципалдык башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы айланасын тосулуп, жарыктандыруу иштерин жүргүзүүдө.

Бул айып короого мыйзам бузган айдоочулардын унааларын токтотуу менен андан түшкөн акча каражатын шаардык бюджетке түшүрүү пландалууда.  Бул жай келерки жумада ишке берилет.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.