Нарын шаардык жылуулук берүү муниципалдык мекемеси кышкы жылытуу мезгилине карата даярдык иштерин баштады.
Мекеме 2025-2026-күз-кыш жылытуу мезгилине карата оңдоо иштери менен кошо көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук тутумуна кошуу иштерин алып барышууда.
Ремонт иштери үчүн 24 миллион сом бөлүнөт. Бул каражатка 11 мекеме, 9 көп кабаттуу үй , 88 батир жылуулук тутумуна кошулат. Ошондой эле электр жана көмүр отуну менен жылуулук таратылган от каналарда капиталдык оңдоолор жүрүп, айрым жылуулук түтүктөрдүн көлөмү чоңойтулат.