Нарын жана Ак-Талаа районунун аймагында күчү 4.5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер силкинүү 19-мартта кечки саат 19:16да катталган.
Жер титирөө Ат-Талаа районунун Кара-Ой, Кадыралы, Жаңы-Талап айылдарында 4 баллга, Ак-Кыя айылында 3,5 балл, Баетов айылында 3 балл жана Нарын районунун Учкун, Ак-Кудук, 8- Март айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.