DOLON MEDIA

Нарында киши өлтүрүү боюнча 12 жыл мурун катталган кылмыштын бети ачылды

Нарын районунда киши өлтүрүү боюнча  кылмыш иши ачылып, шектүү кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматынан алынды.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 24-май күнү Эмгек-Талаа айылынын тургуну, 1976-жылы туулган Н.А. үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбей калгандыгы тууралуу арыз түшүп, кылмыш иши козголгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2014-жылдын 24-майынан 25-майына караган түнү маркум менен анын жакын тууганынын ортосунда мурдагы үй-бүлөлүк чыр-чатактардан улам жаңжал чыгып, ал мушташка айланып кеткен. Жаңжал учурунда Н.А. оор жаракат алып, андан соң Нарын дарыясына ыргытылганы аныкталган.

Нарын облустук милициянын Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан бул кылмышка шектүү катары Нарын районунун тургуну 1986-жылы туулган К.М экендиги аныкталып , Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин 2- бөлүгү (Адам өлтүрүү) менен айыбы угузулуп, камакка алынды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.