DOLON MEDIA

Нарында канча кара отун казылды?

Нарын облусу боюнча тогуз айда  1 миллион 328 миң  500 тонна көмүр казылды. Бул  көрсөткүч 2023-жылдын тогуз айына салыштырмалуу 349,2 мин тоннага көп.

Өнөр жай тармагында  ички рыноктун керектөөлөрүн көмүр менен  камсыз кылуу  максатында Жумгал районунун «Агулак» участкасында кыргыз-кытай биргелешкен  «Шанси Коал Инвестмент» ишканасы ачылып, компания тарабынан  өндүргөн көмүрдүн көлөмү  213 036  миң тоннаны түзүп, алгачкы продукцияларын Бишкек ТЭЦке 100 миң тонна жана Кытай Эл Республикасына 2 миң тонна чыгарууда.

“Ак-Талаа көмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан 2024-жылы  40 миң тонна көмүр өндүрүү мерчемделип,  көмүр өндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.