Нарын облусу боюнча чет тили, тарых, математика, химия, физика, информатика предметтеринен 13 мугалим жетишпейт. Эң көбү Жумгал районунда 9 мугалим жетишсиз. Ал эми Кочкор өрөөнүндө 2, Нарын шаарынын менен Ак-Талаа районунда бирден мугалим жетишпейт.
Маалыматка караганда, облуста 143 мектепте жалпы 61 миң 144 окуучу билим алууда. Аларга 5 миң 617 мугалим билим берет. 1 миң 477 мугалим пенсия курагындагылар.