Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык бүгүн, 12-майда саат 12:38де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 5,5 магнитудасына жеткен экинчи жер титирөө катталды.
Жер титирөө Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Көк-Жар айылдарында 5 балл, Байгөнчөк, Үгүт, Ак-Талаа, Кара-Ой, Кадыралы, жана Нарын районунун Жылан-Арык, Ак-Кудук айылдарында 4 балл, Нарын районунун Учкун, Шоро, Баетов, 8-Март, Куланак жана Жумгал районунун Миң-Куш айылдарында 3,5 балл, Нарын районунун Эмгек-Талаа, Достук, Жан-Булак, Жергетал жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылдарында 3 балл, Нарын шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Учурда жер жерлеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ал эми ушул эле күнү таңкы саат 7.33тө Ак-Талаа райондунда жер титирөө катталып, райондун Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Көк-Жар айылдарында күчү 3,5 баллга чейин сезилген.