Нарын районунун Миң-Булак айылында мобилдик клиника орнотулуп төрт ай бою жергиликтүү калкка акысыз мульти-медициналык жардам көрсөтүштү. Бул ай ичинде дарыгерлер 13 миң 783 бейтапты кабыл алышып, 46 миң 941 кеңеш беришти.
Нарын жергеси бийик тоолу аймак болгондуктан артериалдык гипертония оорусу менен көп катталышты. Мындан сырткары Нарын жергесинде күнүмдүк рационго көбүнчө сүт, май, эт, камыр жана углеводго бай тамактарды көп колдонулгандыктан жана туура тамактанунун жоктугунан ашыкча салмак менен жабыркашат.
Өзгөчө аялдар арасында, боорун май басуу жана алкоголдук эмес боордун сезгенүүсү, өт баштыкчасынын сезгенүүсү, мээдеги кан айланууларынын бузулуулары, муун оорулары көп экендиги аныкталган. Мыдан сырткары көп адамдардар мал менен алек болгондуктан жана эшикте, талаада жүргөндө көзгө кам көрүлбөгөндүктөн (птеригиум) көздү чел кабык катоо оорусу да көп кездешет.