DOLON MEDIA

Нарында 9 баллдык жер титирөөгө туруштук берчү кайсы имарат?

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын уюшулганына туура 100 жыл болду. Архивдик маалыматтарга таянсак, 1924-жылы Кара кыргыз автоном облусунун  Нарын кантонунда Нарын шаардык ооруканасы 10 орун  менен ачылган.

1927-жылы  анда бейтаптар үчүн орундар  30 койкага чейин  жетип, эки врач жана эки медайым  иштей баштаган. Калктын саламаттыгы үчүн алгачкы оорукана болуп  ачылган, азыркы Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын административдик имараты ошол мезгилде кол менен 9 баллдык жер титирөөгө туруштук бергидей  болуп, жыгачтан ашталып салынган.

Бир кылымдык тарыхы бар оорукана ушул күнгө чейин Теңир-Тоо элине кызмат кылып келүүдө. Учурда облустук оорукана 503 орундуу болуп,  20 бөлүм бар. Аларда жалпы 751 медицина кызматкерлери эмгектенип, калк саламаттыгынын камкордугунда.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.