DOLON MEDIA

Нарында 18 мугалим жетишпейт

Учурда 23 орто мектепте директорлор жок. Бул бош орундарга сынактар өтүүдө. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине мектеп директорлору үчүн  регионалдык кадрлар резервин түзүп берүү сунушталды. Бул тууралуу облустук коллегияда айтылды.

ЖРТнын жыйынтыгы менен билим сапаты 68,4 пайызды түзүп, өткөн жылга караганда 15,3 пайызга өсүш берген. “Алтын сертификатка”4,  “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына 6 бүтүрүүчү татыктуу болушкан.

Облустагы 143 мектепте өткөн окуу жылында 5 миң 692 мугалим балдарга билим берсе, алардын ичинен 1 миң 494 мугалим пенсия курамындагылар. Бүгүнкү күнгө  Ак-Талаада 2, Жумгалда 11, Кочкор районунда 5, жалпы 18 мугалим жетишпейт. Себеби, үй-бүлөлүк шартына, ден соолугуна жана айылдын алыстыгына байланыштуу бошоп кетишкен. Алсак, химия, физика жана география сабактарынан орус тилдүү мугалимдер жетишпейт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.