DOLON MEDIA

Нарында 0,239 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Өткөн жылы Нарын областынын прокуратура органдары тарабынан 0,239 гектар жер аянттары мамлекетке кайтарылган.  Бул тууралуу Нарын облустук прокуратурасынан алынды.

Маалыматка караганда, 2025-жылы мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыктарын  коргоо максатында жалпы 110  доо арыздар келтирилген. Анын көпчүлүгү жер мыйзамы боюнча кемчиликтерди жоюу, укуктук актыларды жокко чыгаруу тууралуу болгон. Алардын ичинен  эң көбү Жумгал райондук прокуратурасына 74 арыз келип түшкөн.  14 арыз Нарын облусттук прокуратурасына жазылса, Ак-Талаа райондук прокуратурасына  6, Ат-Башы райондук прокуратурасына 3, Кочкор райондук прокуратурасына  7, Нарын шаардык прокуратурасына  4, Нарын  райондук прокуратурасына 2 арыз жазылган.

Алардын келтирилген доо арыздардын негизинде мамлекетке жалпы 0,239 га жер аянттары кайтарылган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.