Нарын шаардык жылуулук берүү муниципалдык ишканасы Нарын шаарына жылуулукту 25-октябрда берүү мерчемделип жатканын билдирди.
Ишкана башчысы Мирлан Аманбаевдин айтуусунда, норма боюнча абанын орточо температурасы үч күн бою +8 даражаны көрсөткөндө жылуулук берилиши керек. Учурда бул көрсөткүч +10 даража болууда.
Ишкана быйыл 3 откана салып, жаңы 7 отказан орнотуп, 7 мекемени борбордук жылытуу тутумуна кошту. Ошондой эле бир топ откана, отказандарды кышка даярдап, жалпы 8 миллион 800 миң сомдук капиталдык жана кезектеги ремонт иштерин жүргүзүштү. Мекеменин кышка даярдык иштери 98 пайызга аяктап калды.
Аталган мекеме күз-кыш мезгилине 13 миң 394 тонна кара отун керектей турган болсо, анын 7 миң 780 тоннасы тартылып алынган.