Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Өтмө кубогуна арналган хоккей боюнча уюшулган республикалык ачык турнир жыйынтыкталды. Эки күнгө созулган беттешке Бишкек шаарынан, Ысык-Көл облусунан жана Нарын облусунун райондорунан келген, жалпы 8 команда катышты. Мелдешке 220 миң байге коюлду.
Финалдык беттеште биринчи орун үчүн Нарын шаарынын “Нарын Шумкарлары” менен Бишкек шаарынын “Кыргыз темир жол” командасы күч сынашты. Жыйынтыгында “Нарын Шумкарлары” командасы 3:1 эсебинде жеңишти камсыздап, кубок жана 100 миң сом байгеге ээ болушту. Ал эми экинчи орунду Бишкек шаарынын “Кыргыз темир жолу” командасы ээлеп 60 миң сом, үчүнчү орунду Жумгалдын “Шортон-Чаек” командасы 40 миң сом, төртүнчү орунду Нарын шаарынын “Ардагер Шумкарлар” командасы камсыздап 20 миң сомдук сыйлыкка татышты. Андан тышкары грамота жана медалдар менен сыйланышты.