Нарын шаарында 7-8-ноябрь -Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнүнө карата эскерүү иш-чарасы өттү. Анда кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө, Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеӊишине салымын кошкон Таабалды Жукеев-Пудовкиндин эстелигине гүл чамбар коюлуп, кыргыз маамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон ата-бабаларга багышталып куран окулду.
Шаар башчысы Канболот Тутуев эл-жердин корголушуна кызматын арнап, тарыхый жолдорду басып өткөн ата-балардын эмгегин баалоо, даңктоону белгилеп, мекенчил болууга үндөдү.
“Бул дата элибиздин жашоосундагы негизги тарыхый окуяларды эске салган күн. Биздин ата-бабаларыбыз татаал сыноолордон өтүп, биздин элибиздин атын, байыркы тилибизди, маданиятыбызды, келечектеги муунга өткөрүп берүүгө милдеттүү болгон үрп-адаттарыбызды сактап калышкан. Биз ар дайым тарыхыбыздын тагдырлуу барактарын эстеп, ата-бабаларыбызга таазим кылышыбыз керек.”-деди К. Тутуев