Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги отуруму өтүп, күн тартибинде 14 маселе каралды. Негизги маселе калаабыздын бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү талкууланып, бюджети 270 млн сом менен бекиди. Бул каражат өткөн жылга салыштырмалуу 13 млн сомго көп. Бирок, ошол эле учурда киреше салыгынын 20 млн сому республикалык бюджетке кетип, транспорт салыгы жокко чыгарылгандыктан жергиликтүү бюджеттен 30 млн сом кыскарып калган.
Эл өкүлдөрү жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүүдө 56 млн. сомду таза суу долбооруна жумшалган каражатты кайтаруу, электробустардын жана сатып алган жерлердин насыясын жабууга чегерген. Андан тышкары билим берүүнүн жалпы чыгымына 47 млн. сом жана түрткү берүүчү гранттарга өздүк салым катары 16 млн. сом каражатты бөлүшкөн.
“Жылда бюджетибизден шаардын жергиликтүү маанидеги маселелерин чечкенге мүмкүнчүлүк көп болчу. Быйыл таза суу долбооруна жумшалган жана шаарга алынган электроавтобустардын насыя мөөнөтү келип калгандыгына байланыштуу көп маселени чечкенге тоскоолдук жаратып жатат. Ошондуктан насыяларды төлөө мөөнөтүн 2028-жылга чейин жылдырып берүүнү суранып, Жогорку Кеңешке, Минисртрлер Кабинетине мэрия менен биргеликте кат жөнөтүп жатабыз”-деди Нарын шаардык кеңештин бюджет комиссиясынын төрагасы Автандил Молдосалиев.
Ал эми калаа башчысы Канболот Тутуев, шаардын бюджетин көбөйтүү Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгы аркылуу мурда менчиктештирилип кеткен бир топ жерлер, обьектилер мэриянын менчигине өткөндүктөн аларды ишкерлерге берип, жумушчу орундарды түзүү менен бюджетти толтуруу аракети көрүлүп жатканын маалымдады.
Депутаттар мындан тышкары калаадагы айрым жеке менчик жер тилкелерин, Нарын автобекетин мэриянын менчигине кабыл алуу өндүү бир катар маселелерди карашып, борбордук Ленин жолун реконструкциялоого байланыштуу троллейбустардын зым чубалгыларын жана түркүктөрүн алууга макулдук беришти.