DOLON MEDIA

Нарын шаарынын 156 жылдыгы белгиленди

17-сентябрда Нарын шаарынын 156 жылдыгы, Кара-Кыргыз автономия облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган “Нукура” фестивалы өттү. Иш чаранын алкагында 20 наристенин тушоосу кесилди, жеке ишкерлер кура турчу 6 кабаттуу үйдүн капсуласы салынды. Нарын шаарынын “Городок” чөлкөмүндөгү скверге 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалда курман болгон Бейкут Алмаз уулунун ысмы ыйгарылды, андан сырткары скверлер, оюн аянтчалары ачылды. Фестивалдын жүрүшүндө улуттук тамак аш, уздардын колунан жасалаган буюмдардын көргөзмөсү өтүп, ыр-күү менен коштолду.

Нарын шаарын 1868-жылы негизделип, 1939-жылы Нарын облусунун борбору статусу берилипнегизги план-схемасы иштелип чыккан. Ал эми Нарын шаарына 2004-жылы мыйзам менен облустук маанидеги шаар статусу берилген

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.