DOLON MEDIA

Нарын шаарындагы «Ала-Тоо» мейманканасынын жери мамлекетке кайтарылды

Нарын шаарынын борборунда жайгашкан  0, 32  га жер мамлекеттин карамагына кайтарылды деп билдирет УКМК нын маалымат кызматы. Бул жер Нарын шаарындагы “Ала-Тоо” мейманканасынын админстрациясы жанаша жайгашкан аймак болуп келген. Комитеттин маалыматында аталган жер 2007-жылы Нарын облустук сотунун коллегиясы жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен М. А аттуу жаранга  жер участогуна ээлик кылуу чечимин чыгарып берген. Анын наркы мамлекеттик админстративдик имараттарга жакын жайгашканын эске алуу менен 97 млн сомго бааланды. Тиешелүү юридикалык жумуштар аткарылган соң жер Нарын шаарынын балансына кайтарылат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.