DOLON MEDIA

Нарын шаарында гүлдөр өстүрүлөт

Нарын шаарына гүлдөр май айында отургузула баштайт. Мурда гүлдөрдүн көчөттөрү башка шаарлардан сатылып алынып келүүчү. Буга байланыштуу айрымдары жергиликтүү климаттык шартка ылайыкташпай соолуп да калчу. Быйыл гүлдүн уруктары Нарын шаарындада өстүлүп баштайт. Бул үчүн Нарын шаардык жашылдандыруу муниципиалдык ишканасынын эки кызматкери Каракол шаарына барып атайын окуудан өтүп келишти. Жыйынтыгында шаардык бюджеттен 170 миң сом бөлүнүп, петуния гүлүнүн алты түрүнөн 32 миң урук сатылып алынды. Нарын шаарындагы Тайлак баатыр атындагы 2025 аскер бөлүгүнүн каралбай калган күнөсканасы оңдөп түзөөдөн өткөрүлүп, учурда уруктан баштап өстүрүлүүдө. Нарын шаардык жашылдандыруу муниципиалдык ишканасынын гүлдөргө жоопту адиси Нурзат Мамбеталиеванын айтымында азыр алардын карамагында жалпы 3 күнөскана бар. Келечекте роза жана жоогазын гүлдөрүн өстүрүү, сатуу иштери каралган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.