Нарын шаарындагы Алма-Бак сейил багынын ичине С.Бекмамбетов атындагы спорт мектебине караштуу күрөш менен машыктыруучу комплекс курулат.
Бүгүн, 4- ноябрда комплекстин курулушуна МинКабдын Төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев капсула салды. Анда ал спортчуларды жаман иштерге аралашпоого чакырып, өлкөнүн туусун көтөрүп кыргыз элин дүйнөгө тааныткан спортчулар чыгышына тилек кылды.
Эки кабат болуп салына турган спорт комплекс бар шарты менен салынып, кийинип-чечинүүчү, жуунучу жай, медициналык бөлмө жана машыгуучу залдары болот. Ошондой эле машыктыруучулар үчүн иш бөлмөлөрү болот. Учурда курулуштун долбоору даярдалууда. Комплексти 2025-жылдын сентябрь айына ишке берүү мерчемделүүдө.
Нарын шаарында 600дөй бала күрөш менен машыгышат.